Түркмөнстандагы сулуулук салондо аялын сабаган кишинин видеосу тарады

Түркмөнстандын Кеши районундагы сулуулук салондо аялын токмоктогон кишинин видеосу тарады.

Видеону сулуулук салондун кызматкерлери тартып алышкан. Андан эркек кишинин аялына кыйкырып, андан соң бир нече жолу муштум менен бетине чаап, тээп жибергенин көрүүгө болот. Окуяга күбө болгон аялдар арачага түшүшкөн эмес.