Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедов 89 жаш курагында кайтыш болду. Бул маалыматты «Тurkmen.news» басылмасы жарыялады. Бирок эмнеден улам каза болгону айтылган эмес.
Мяликгулы Бердымухамедов 1932-жылы 12-августта жарыкка келген. Ички иштер органдарында подполковник болуп, отставкага чыккан. Анын ысымы бир катар объекттерге, анын ичинде аскер объекттерине ыйгарылган.