Түркмөнстандын президенти уулун жаңы кызматка дайындады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов финансы жана экономика боюнча вице-премьер болуп дайындалды. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, бул жарлыгын президент өкмөттүн отурумунда жарыялаган.

Сердар Бердымухамедов буга чейин санариптештирүү маселелерине жооптуу болгон. Ошондой эле ал 2021-жылдын февралынан бери Жогорку көзөмөл палатасын жетектеп, Коопсуздук кеңешинин курамына кирген. Эми бул кызматтардан бошотулду.