Түркмөнстандын президентинин уулу президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлдү

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов өлкөнүн президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү. Шайлоо 12-мартта мөөнөтүнөн мурда өтөт. 

Учурда Сердар Бердымухамедов вице-премьерлик кызматты ээлейт. Кечээ, 14-февралда Түркмөнстанда шайлоо өнөктүгү башталып, анда талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана алардын шайлоочулар менен жолугушуулары өтөт. Башка талапкерлердин аты-жөнү азырынча айтыла элек. Түркмөнстандын президенти болуп, республикада төрөлгөн, 40 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, өлкөдө 15 жылдан бери туруктуу жашаган жана иштеген жараны шайлана алат. Ал эл тарабынан жети жылга шайланат.

11-февралда Гурбангулы Бердымухамедов өзү жөнүндө оңой эмес чечим кабыл алганын жар салган. Ал парламенттин жогорку палатасынын жыйынында сүйлөп жатып, өлкөнү 15 жылдан бери башкарып келе жатканын айтып, БШКга кезексиз шайлоону өткөрүүгө даярдык баштоону тапшырган.