Түркстан облусунда 5-класстын окуучусу окуу куралдары үчүн өзү жүргөн рюкзак жасады. Гаджет алыстан башкарылат. Бул тууралуу OTYRAR басылмасы жазды.
Ойлоп табуучу — Төрткүл айылынын тургуну 11 жаштагы Айтуар Советбек. «Акылдуу баштыктын» көтөрүмдүүлүгү беш килограммга чейин жетет. «Албетте, мектепте тепкичтен сумка өтпөйт. Бирок бул жагынан мага классташтарым жардам беришет», — дейт окуучу.
Айтуардын ойлоп табуусуна жеке жагдай түрткү болгон. Өткөн жайда жол кырсыктан алган жаракатынан улам дарыгерлер ага оор көтөрүүгө, жада калса окуу китептери салынган рюкзакты көтөрүүгө да тыюу салышкан. Бешинчи класстын окуучусу сабактарынан артта калуудан коркуп, өзү жүргөн рюкзак жасап алган.