Түштүк Африка Республикасында үч күндөн бери парламенттен чыккан өрттү өчүрө албай жатышат

Түштүк Африка Республикасынын борбору Кейптаунда парламенттин имараттар комплексинде чыккан өрттү өчүрүү уланууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Имараттардын комплекси 1880-1980-жылдар аралыгында курулган. Өрт 2-январда тутанып, адегенде өрттү чектөөгө алууга мүмкүн болгону маалымдалып, бирок 3-январда имараттын чатыры дагы күйө баштаган. Бүгүн, 4-январда бийликтен жалын чектөөгө алынганын билдиришти. Деген менен, өрт толугу менен өчүрүлгөнү маалымдала элек. Кырсыктын кесепетинен парламенттин имаратынын жогорку кабаттары жана чатыры зыян тарткан. Полиция кызматы шектүүнү кармады. Ага карата имараттын ичине мыйзамсыз кирүү жана өрт коюу айыптары тагылды.