Түштүк Африкада кабаттуу үй өрттөнүп, каза болгондордун саны 73 адамга жетти

Йоханнесбургдагы үйдө (Түштүк Африка) болгон өрттүн кесепетинен 70тен ашык адам каза болуп, 50дөн ашууну жаракат алган. Бул тууралуу шаардын өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү билдирген.

Буга чейин жергиликтүү бийлик 56 адам өлүп, 40тан ашууну жарадар болгонун билдирген.

Өрт кароосуз калган беш кабаттуу үйдө түнү башталган. Анда үй-жайы жок жарандар жашап жүрүшкөн. Имараттын ичине чатырлар тигилип, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын иштөөсүн кыйындаткан, ошондой эле адамдардын имараттан тез чыгып кетүүсүнө тоскоол болгон.

Каза болгондордун арасында 7 бала бар, алардын эң кичүүсү бир жашта. Күбөлөрдүн айтымында, үйдө 200дөй адам болушу мүмкүн.