Түштүк Африка парламенти билим берүү мыйзамын кабыл алды. Балдары мектепке барбай калса, ата-энелерин абакка кесишет. Бул тууралуу жергиликтүү SABC медиа тобу билдирди.
Негизги билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, эгер балдары сабактан качса, ата-энелер 12 айга чейин эркинен ажыратылат. Ушундай эле жаза бала мектеп жашына жеткенде мектепке киргизбей койгон ата-энелерге да киргизилди.
Добуш берүү учурунда парламентарийлер бул мыйзам мектептеги билим берүү системасын эффективдүү кылууга багытталганын баса белгилешти. Акыркы изилдөөлөргө ылайык, 10 жашка чейинки түштүк африкалыктардын 10 мектеп окуучусунун 8и окууда кыйынчылыктарга туш болушат.