Түштүк Африка Республикасынын бир катар райондорунда нөшөрлөгөн жамгыр жана кардын кесепетинен Чыгыш Кейп провинциясында суу ташкындары пайда болду. «Аль-Жазиранын» маалыматы боюнча, кеминде 49 адам каза болгон.
Чыгыш Кейптин губернатору пресс-конференцияда суу ташкыны балдар бар мектеп автобусун агызып кеткенин билдирди. Мектептин алты окуучусу каза болуп, төртөө дайынсыз болууда. Үч окуучу куткарылган. Ал кошумчалагандай, жамгыр жана кардын жаашы жер көчкүнүн пайда болушуна алып келген. Кесепетинен унаа жолдордун жабылышына алып келди.
Аба ырайы жолдордо бир нече чакырымга созулган тыгындарды да жараткан. Республиканын түштүгүндө жана чыгышында жүз миңдеген үйлөр жарыксыз калды. Селден улам үй-жайынан ажыраган 500дөй киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилди.