Түштүк Африкада калың кар жаады (видео)

Түштүк Африкага жааган калың кар жолдорду жаап, мүлккө зыян келтиргенин жергиликтүү The Citizen басылмасы жазды. 

Басылманын маалыматына караганда, кар КваЗулу-Натал провинциясынын борбордук бөлүктөрүнө жаап, Йоханнесбург менен чыгыш жээктеги Дурбан шаарын байланыштырган N3 шоссе жолун жаап калган. 

Мындан тышкары жааган кардан элдин мүлкүнө да зыян келтирилген. Ледисмит шаарында аял кошунасынын үйүнүн чатыры кардан улам кулап түшкөнүн айтты. Кээ бир аймактарда кардын жаагандыгына байланыштуу мобилдик байланыш да жок.