Апокалипсиспи? Түштүк Австралияны кум бороону каптады (видео)

Түштүк Австралияны кум бороону каптады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, кум бороону бир саатка жакын созулуп, ылдамдыгы саатына 90 чакырымга жеткен. Ал өлкөнүн түштүгүндөгү мунай жана газ кендерин каптады. 

Күбөлөр табият кубулушун апокалипсис деп аташты. Себеби, асманды кара булут каптап, адамдар катуу шамалдан баш калкалоого жер издөөгө аргасыз болушкан. Азырынча кыйроолор тууралуу маалымат жок.