Түштүк Кореяда коронавирустун «дельта» штаммы бат жайылууда

Түштүк Кореяда алгач Индияда байкалган жугуштуу «дельта» штаммы тездик менен тароодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кырсыктарды жөнгө салуу бөлүмүнүн кызматкери Сонг Юн-Ра жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде «дельта» варианты учурда жаңы оорулардын болжол менен 7 пайызын түзөрүн, 2 ай мурунку көрсөткүч боюнча 1 пайызды түзгөнүн билдирди. Бүгүнкү күндө Түштүк Корея боюнча 15,3 миллион адам COVID-19 вакцинасынын жок дегенде бир дозасын алышкан жана 5,3 миллиону толугу менен эмделди.