Түштүк Корея токойдогу өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

Түштүк Корея өлкөнүн түштүк аймактарындагы токойлордогу өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын Bloomberg билдирди.

Өрт 21-мартта Санчхон округунда башталган. Түштүк Кореянын токой кызматынын маалыматына караганда, Санчхондо төрт адам каза болуп, алтоо жаракат алган. 23-март күнү кечинде өрт 25 пайызга чектөөгө алынган.

Өрттү өчүрүүгө бийлик атайын техника жана жүздөгөн кызматкерлерди жиберди.