Түштүк Кореяда 5 кабаттуу имарат автобуска урап, 9 адам көз жумду

Түштүк Кореянын Кванджу шаарында адам өмүрү кыйылган кырсык болду. 5 кабаттуу имарат автобустун үстүнө урап, 9 адам көз жумса, 8 адам ар кандай жаракат алган.

Улуттук өрт коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, 17 жүргүнчүсү бар автобус бузула турган имараттын жанына токтогон. Ошол учурда имарат урап түшүп, автобусту басып калган. Ал эми имараттын ичиндеги жарандар ага чейин эле эвакуацияланганы белгилүү болду.

Өлкөнүн президенти Мун Чжэ Ин бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.