Түштүк Кореяда аскердик учак кулады

Түштүк Кореяда деңиз патрулдук учагы кулап түштү. Yonhap агенттиги учактын тоого урунганын жазды.

Маалыматка караганда, учакта төрт адам болгон, алардын тагдыры белгисиз. Кырсык өлкөнүн түштүк-чыгышында, Япония деңизинин жээгинде жайгашкан Поханг шаарында болгон.