Түштүк Кореяда балдарга зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасы күчөтүлүп жатат, тагыраагы балдарга зомбулук көрсөткөндөр эми өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
26-февралда болгон Улуттук Ассамблеянын жалпы жыйынында депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын берүүнү көздөбөсө дагы, адам өлтүргөндүгү үчүн соттолушуна жол берип, балдарга зомбулук көрсөткөндүгү үчүн жаза мыйзамын кайра карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты. Бул мыйзам долбоору асырап алган ата-энеси тарабынан зомбулукка кабылган 16 айлык наристенин урматына “Чон Индин мыйзамы” деп аталган. Кайра каралган мыйзамга ылайык, балдарга зомбулук көрсөткөндөр жана билип туруп өлүмгө алып келгендер өлүм жазасына же 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ал эми учурдагы мыйзам боюнча, эгерде бала зомбулуктан улам өлтүрүлсө, кылмышкер 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.