Түштүк Кореяда бойдоктор түгөйүн тапса, акча төлөнөт

Түштүк Кореяда бойдоктор түгөйүн тапса, акча төлөп беришет. Дал ушул жол менен өлкө демографиялык кризис менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Калктын азайышы жана дүйнөдөгү эң төмөнкү төрөлүү көрсөткүчү өлкөдө кайрадан рекордду жаңылады. Өлкөдөгү экинчи чоң шаар Пусандын бийлиги тургундарды адамдар менен таанышууга, мамиле түзүүгө, үйлөнүүгө жана балалуу болууга үндөш үчүн экстремалдык чараларга барышты. Шаардагы райондорунун бири Саха-гуда салтка айланган алдын ала көрбөй, таанышууга барууга атайын бюджет бөлүнөт. Буга катышуучулардын арыздары тандалып алынат, шарттардын бири 24 жаштан 43 жашка чейин болушу керек. Бул саамалык жылда октябрь айында башталып, ай сайын уланат. 

Эгер жуптар мамиле түзсө, анда ар бирине 500 миң вон (34 миң сомго жакын) төлөнөт, ата-энеси менен жолугушуу үчүн 70 миң сомдун тегереги, ал эми баары ойдогудай болуп, жубайлар үйлөнсө, үйлөнүү тою үчүн 1,4 миллион вон (95 миң сомдун тегереги) төлөнөт, эгерде той сейил бактарда, музейлерде жана аянттарда өтсө, анын чыгымдары үчүн компенсация төлөнөт. Эгер жаңы үйлөнгөн түгөй турак жай сатып алышса, алар 2 миллион сом алууга укуктуу, ал эми батир ижарага алышса, анда 5 жыл бою жубайлар ай сайын 55 миң сом ала алышат.