Түштүк Кореяда бүгүн гана беткапсыз жүрүүгө уруксат берилди. Бирок көчөдө гана…

Түштүк Кореяда бүгүн, 2-майдан тарта көчөлөрдө милдеттүү түрдө беткап тагынуу тууралуу талап жоюлду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Ким Бу Гём маалымат жыйында билдиргенин басылмалар жазып чыгышты.

Бийлик өкүлүнүн айтымында, коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны азайган жана бул жагдай чектөө чараларын жумшартууга мүмкүндүк берет. Көчөлөрдө 50дөн ашуун адамдын катышуусунда жыйындарда, спорттук жана маданий иш-чараларда беткап тагынуу керек болот. Коомдук транспорттордо жана имараттардын ичинде беткап тагынуу милдеттүү бойдон калды.