Түштүк Кореянын бийлиги жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдарга ылайык келбегендиктен өлкөдө DeepSeek тиркемесинин ишин убактылуу чектеди. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.
Чечим жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынды. Бөгөттөөнүн мөөнөтү азырынча тактала элек. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча комиссия тиркеме 15-февраль саат 18:00дө токтотулганын кабарлады. Өткөн айда комиссия DeepSeek компаниясына кызматтын маалыматтарды чогултуу жана иштетүү ыкмаларын түшүндүрүп берүүнү суранган расмий өтүнүч менен кайрылган.