Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы добуш берди, бийликтеги консервативдүү партиянын өкүлү Ким Мун Суга 41 пайыз тийди. Катышуучулардын саны жагынан 1997-жылдан берки рекорд коюлуп, 79 пайыз добуш берүүчү өз эркин билдирди.
Ага чейинки мамлекет башчыга импичмент жарыялангандыктан Ли Чжэ Мён дароо ант берип, кызматына киришти.
Мурдагы президент өткөн жылдын 3-декабрында «оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатат» деген жүйө менен аскердик абал жарыялаган. Курч тирешүүлөрдөн кийин парламенттеги оппозициялык күчтөр аскердик абалды жокко чыгарууга жетишкен. 14-декабрда президентке импичмент жарыяланып, анын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.