Бангкоктон учуп барган Jeju Air компаниясынын учагы Муан аэропортунда (Түштүк Корея) учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзгөн. Окуя 47 адамдын өмүрүн алганын Yonhap жазды.
7С2216 рейси 29-декабрдын таңында Сеулдан 288 чакырым алыстыкта жайгашкан Жолланамдо провинциясында жайгашкан Муан эл аралык аэропортуна конуп жатып чыгып кеткен. Шлагбаумга урулгандан кийин учак талкаланып, күйүп кеткен. Учакта 175 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон. Алардын көбү Түштүк Кореянын жарандары, эки Таиланд жараны болгон.
Алдын ала версия боюнча, кырсыкка канаттуулардын уруусунан улам шасси иштен чыккан болушу мүмкүн.












