Түштүк Кореяда көпүрөнүн урап түшкөнү видеого түшүп калган. Каза болгондор бар

Түштүк Кореяда көпүрө урап, кеминде үч адам каза болгонун Yonhap жазды.

Маалыматка караганда, кырсык 25-февраль күнү эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:49 чамасында Сеул-Седжонг унаа жолунун бөлүгүндө жумушчулар темир конструкцияны тирөөчтөрдүн арасына кран менен жылдырып жаткан учурда болгон.

Көпүрөнүн астында сегиз жумушчу калып, алардын үчөө каза болуп, беши жаракат алган.