Түштүк Кореяда дагы 3 адам «AstraZeneca» аттуу коронавируска каршы вакцинасы менен эмделгенден кийин каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун экөө 50 жаштан өткөн адамдар. Алар карылар ооруканасында дарыланып жатышкан. Бир адам эмдөөдөн 41 саат өткөндөн кийин, экинчиси 15 сааттан кийин көз жумган. Маркумдардын үчүнчүсү 30-35тер чамасындагы аял оор дартка чалдыгып, майыптар ооруканасында жаткан. Ал эмдөөдөн 15 саат өткөндөн кийин көз жумган.
Белгилей кетсек, 2-мартта да Түштүк Кореяда 2 адам ушул эле маркадагы вакцина менен эмдөөдөн өткөндөн кийин каза болушканы айтылган Бири 50, экинчиси 63 жашта болчу.