Түштүк Кореянын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык P-3 Orion патрулдук учагы кыйраган жерден үч адамдын сөөгү табылганын Yonhap маалымат агенттиги билдирди. Учакта жалпысынан төрт адам болгон.
Бүгүн эртең менен Түштүк Кореянын деңиз күчтөрүнүн патрулдук учагы кыйраган. Учак Япония деңизинин жээгинде жайгашкан Пхохан шаарында тоого кулап түшкөн. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча аныктала элек. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү.