Түштүк Кореяда президенттин кетүүсүн талап кылып, нааразычылык акциясына чыккандар ырдап, бийлеп жатышат. Бул тууралуу ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, алар белгилүү топтордун ырларын ырдап, бийлеп, колдоруна түс берүүчү жарыктарды кармап алышкан.
Ошондой эле мурдагы коргоо министри Ким Ён Хен Сеулдагы убактылуу кармоочу жайда өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганы айтылды. Ал ажатканада өзүнө кол салууну көздөгөн, бирок нөөмөттөгү кызматкер аны токтотуп калганын Yonhap билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram