Түштүк Кореяда тик учак кулап, 5 адам каза болду

Йонхап агенттиги 27-ноябрда Өрт өчүрүүчүлөргө таянуу менен Түштүк Кореяда тик учактын кулашынан кеминде беш адам каза болгонун билдирди.

Окуя Канвондо провинциясынын Янгян округунда болгон. Жергиликтүү бийлик тарабынан ижарага алынган америкалык Sikorsky компаниясынын С-58Т тик учагы токой өрттөрүн алдын алуу максатында аймакты айланып жүргөн.

Тик учак 27-ноябрда саат 10:50дө кулап түшкөн. Кырсык болгон жерде 28 техника, 114 өрт өчүрүүчү жана бир тик учак иштеди. Премьер-министр Хан Док Су окуянын кесепеттерин жоюу үчүн колдон келгендин баарын жасоону буйруган.