Түштүк Кореядагы суу ташкындын кесепетинен 32 адам каза болду (видео)

Түштүк Кореянын борбордук бөлүгүндө эки күндөн бери жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жана жер көчкү жүрдү. Кеминде 32 адам каза болуп, 10дон ашууну дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги жазды.

Өлкөдө 9-июлдан бери нөшөрлөгөн жамгыр жаап жатат. Бул убакыттын ичинде бийлик 5 миңдей адамды эвакуациялоого аргасыз болгон. Алардын жарымы дагы эле убактылуу баш калкалоочу жайларда. Дээрлик бир жумадан бери миңдеген үйлөрдө электр жарыгы жок.

Осон шаарында дарыянын суусу 685 метрге жеткен жер астындагы туннелди каптап, ичинде адамдар толгон автобус жана 15тей жеңил унаа болгон. Куткаруучулар буга чейин автобустан алты адамдын сөөгүн чыгарышкан. Каза болгондордун калганын издөө иштери уланууда. Метеорологдордун айтымында, жамгыр жекшембиге чейин токтобойт.