Түштүк Кореядагы суу ташкындын кесепетинен каза болгондордун саны 39га жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Өлкөдө 9-июлдан бери нөшөрлөгөн жамгыр жаап жатат. Бул убакыттын ичинде бийлик 8 миңдей адамды эвакуациялоого аргасыз болгон. Алардын жарымы дагы эле убактылуу баш калкалоочу жайларда. Дээрлик бир жумадан бери миңдеген үйлөрдө электр жарыгы жок.
Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, жамгыр 50гө жакын жолду жана 100дөн ашуун үйдү бузган.