Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: 179 адам каза болуп, 7 күндүк аза күтүү жарыяланды

Түштүк Кореянын Муан шаарында 29-декабрдын таңында аэропортто катталган учак кырсыгында каза болгон 179 адамдын сөөгү табылганын Tengrinews.kz жазды. 

«29-декабрь күнү саат 21:07ге карата Jeju Air  учагынын кыйрашынан каза болгондордун саны 179 адамды түздү», — деп айтылат агенттиктин маалыматында. 

Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мок 29-декабрдан 4-январга чейин 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.

Учактын кыйрашынын себептери азырынча так айтыла элек, негизги версияларга канаттуулардын соккусу, кыймылдаткычтагы жана шассидеги бузулуулар, тормоздук системалар жана учуу тилкесинин жетишсиз узундугу кирет.