Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 181 адамдын 179у набыт болгонун Yonhap агенттиги улуттук өрткө каршы кызматына таянуу менен билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эки гана адам — жүргүнчү жана экипаж мүчөсү аман калган.
Бийликтер Бангкоктон учуп келе жаткан Jeju Air учагынын кыйрашынын эки негизги себебин карап жатат: начар аба ырайы жана канаттуулардын соккусу.