Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 179 адам каза болгону айтылды

Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 181 адамдын 179у набыт болгонун Yonhap агенттиги улуттук өрткө каршы кызматына таянуу менен билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки гана адам — жүргүнчү жана экипаж мүчөсү аман калган.

Бийликтер Бангкоктон учуп келе жаткан Jeju Air учагынын кыйрашынын эки негизги себебин карап жатат: начар аба ырайы жана канаттуулардын соккусу.