Түштүк Кореянын Муан шаарындагы аэропортко конуп жатып кырсыкка учураган учак алдын ала маалыматтар боюнча, канаттуулар менен кагылышкан.
«Бийлик өкүлдөрү «Муан учагынын кыйрашына канаттуулардын соккусу себеп болушу мүмкүн» дешти», — деп айтылат маалыматта.
Бангкоктон учуп келе жаткан Jeju Air компаниясынын учагы конуу тилкесинен чыгып кетип, Муан аэропортунун тосмосун сүзгөн. Учакта 175 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон. Алардын көбү Түштүк Кореянын жарандары экени айтылып жатат.










