Муандагы учак кырсыгында түштүк кореялык киши 12 үй-бүлө мүчөсүн жана дагы 5 досун жоготту. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, аман калган жаран үй-бүлөсү жана достору менен Таиландда эс алып жүргөн. Бирок жумушка байланыштуу ал Индияга кетүүгө аргасыз болгон, ал эми калганы үйүнө кеткен.
«Мен чоң үй-бүлөдөн жалгыз аман калдым»,- деди ал.
Ал окуя тууралуу билгенден кийин дароо сапарын токтотуп, Индиядан Түштүк Кореяга ДНК тестин тапшыруу жана туугандарын табууга жардам берүү үчүн учуп барган.
«Мен чоң атасынын туулган күнүн белгилейбиз деп айткан алты жашар кыздын үнүн унута албай жатам», — деп мойнуна алды ал кырсыктан каза болгон кызы жөнүндө айтып берип жатып.