Түштүк Кореянын 17 жылга соттолгон экс-президентине мунапыс берилди

Бүгүн, 27-декабрда Түштүк Кореянын 17 жылга соттолгон экс-президенти Ли Мйоң Бакка мунапыс берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Мындай чечим өкмөт тарабынан кабыл алынып, ага ылайык, Жаңы жылдын алдында 1373 адамга мунапыс берилген. Алардын катарында саясатчылар жана бир катар мамлекеттик ишмерлер да бар.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мйоң Бак 2020-жылы паракорчулук, кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, 17 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал учурда 81 жашта жана өлкөнү 2008-2013-жылдар аралыгында башкарган.