Түштүк Кореянын 50 жаштагы «куурчактай» болгон биринчи айымы АКШда көпчүлүктү таң калтырды

Кечээ, 27-апрелде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун АКШга сапары аяктады. Сапарда аны жубайы Ким Кон Хи коштоп жүрдү. Түштүк Кореянын биринчи айымы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. 

ЖМКлардын маалыматына караганда, Түштүк Корея президентинин мамлекеттик сапары АКШ президенти уюштурган чоң сый тамак менен аяктады. Кечки тамакка Жо Байдендин үй-бүлө мүчөлөрү жана көптөгөн атактуулар, анын ичинде Анжелина Жоли жана анын уулу да катышты.

Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, Ким Кон Хи көңүл чордонунда болгон. Анын «куурчактай» болуп барганы көпчүлүктү суктандырган. 

Ким Кон Хи 50 жашта, бирок ал бир топ жаш көрүнөт. Түштүк Кореянын биринчи айымы тууралуу маалымат өтө аз. Ал жолдошунан 12 жаш кичүү. Жубайлардын балдары жок. Алар 2012-жылы баш кошушкан.