Түштүк Кореянын тургуну каза болгон аялынын виртуалдык көчүрмөсү менен жолукту (видео)

Ким Чен Су аттуу Түштүк Кореянын 51 жаштагы тургуну 4 жыл мурун каза болгон аялынын виртуалдык көчүрмөсү менен жолукту. «Жолугушууда» виртуалдык реалдуулук технологиясы колдонулуп, MBC каналынын «Мен сага жолуктум» даректүү тасмасынын алкагында өттү.

Ким Чен Сунун жубайы көп жылдар бою оору менен күрөшүп жүрүп каза болгон. Анын артында беш баласы калган. Аялдын виртуалдык көчүрмөсүн жасоо үчүн адистерге алты ай кеткен. Максималдуу окшоштук үчүн аялынын үнү актрисанын үнү менен айкалышкан.

Ким Чен Су өзүнүн реплика аялы менен виртуалдык бакчада таанышып, андан кийин алар өз үйлөрүндө бийлешти.