Түштүк Кореянын президенти аскердик абал киргизгени үчүн кечирим сурап, аны кайталабоого убада берди

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль аскердик абал киргизгени үчүн кечирим сурап, аны кайталабоого убада берди. Бул тууралуу Yonhap жазды.

Бүгүн, 7-декабрда парламент президентке импичмент жарыялоо маселесин карайт.

3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Бул чечимге удаа эле Түштүк Кореянын парламенти президенттин жарлыгын жокко чыгарган.