Бүгүн, 23-мартта Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Улуу Британияда өтө турган G7 саммитке катышуу үчүн COVID-19га каршы “AstraZeneca” вакцинасынын биринчи дозасын алды.
Ал Сеулдагы президенттик комплекстин жанындагы «Чонногу» медициналык борборунда эмдөөдөн өттү. Аны менен кошо биринчи айым Ким Чен Сук жана 11-13-июнь күндөрү Корнуоллдогу деңиз жээгиндеги Карбис-Бэй курортунда өтүүчү саммитке катыша турган башка чиновниктер дагы болду.
Түштүк Корея 65 жаштан улуу адамдарга эмдөө программасын баштады. «AstraZeneca» вакцинасы эки жолу эмдөөдөн өтүүнү шарттайт. Алардын ортосу 8ден 12 жумага чейин болушу керек.