Түштүк Кореянын президенти элинен кечирим сурады

Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ-Ин кечээ 10 айдан бери биринчи жолу коронавирус боюнча жыйын өткөрдү. Анда ал илдеттин экинчи толкунун басаңдатуу мүмкүн болбой жатканы үчүн жарандарынан кечирим сурады. Ошондой эле өлкөдө карантин чаралары катуу болгонуна карабай, кырдаал өтө оор болуп турганын билдирди. Учурда бийлик мектептерди жабууну караштырып жатат.

Пандемия башталгандан бери Түштүк Кореяда коронавирусту 43 миңге жакын адам жуктуруп алган, анын ичинен 580и каза болгон.