Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ-ин өкмөткө иттин этин колдонууга тыюу салууну кароону сунуштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
«Иттин этин колдонууга тыюу салуу жөнүндө ойлонууга мезгил жетти окшойт«, — деп Түштүк Кореянын лидери премьер-министрге кайрылды. Бул суроо Министрлер кабинетинин башчысынын ташталган үй жаныбарларына кам көрүү системасын жакшыртуу темасындагы докладында көтөрүлгөн. Мун Жэ-ин иттерди жакшы көрө тургандыгы менен таанымал, ал президенттик резиденцияда бир нече иттер менен жашайт. Түштүк Кореяда иттер менен жашаган жана аларды жегенден баш тарткан жарандардын саны да өсүп жатканы маалымдалды. Ошол эле учурда өлкөдө жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам бар, ал иттерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө тыюу салат. Бирок бул иш иттин этин жегендерге багытталган эмес.