Түштүк Кореянын президентин камакка алуу ордери берилди

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алуу ордери чыкты. Маалыматка караганда, президентти камакка алуу ордери 3-декабрда Түштүк Кореяда аскердик абал жарыяланганына байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөдө чыккан.

Билдирмеге караганда, Сеулдун Батыш райондук соту тергөөчүлөрдүн мамлекет башчысынын резиденциясында тинтүү жүргүзүү өтүнүчүн да канааттандырган.

Иликтөө жүргүзгөндөр мамлекет башчысын үч жолу 18, 25 жана 29-декабрда чакырышкан.  Бирок Юн чалууларга жооп берген эмес.

Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу учурдагы, иштеп жаткан мамлекет башчысын камакка алууга ордер берилди.

Кошумчалай кетсек, президент Юн Сок Ёль 3-декабрь күнү «оппозиция мамлекетке каршы иш-аракеттерге катышып жатат» деген негизде согуш абалын жарыялаган эле.