Түштүк Суданда 89 адам белгисиз оорудан каза болду

Түштүк Судандын чыгышында акыркы бир нече аптада белгисиз оорудан 89 адам каза болду. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги Жонглей штатынын Фангак шаарында белгисиз оору ондогон адамдын өмүрүн алганын билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 89 адамдын өлүмү тууралуу кабарлардан кийин оорулуу адамдардан анализ алуу үчүн акыркы катуу суу ташкынынан эң көп жабыркаган аймакка ыкчам жооп берүү тобун жөнөттү. Фангактагы жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери бейтаптардан алынган алгачкы үлгүлөрдөн холера оорусу аныкталбаганын билдирди. Түштүк Судандын министрлеринин бири суу ташкынынан улам ар кандай оорулар пайда болгонун, аймактагы кендерден чыккан мунай сууну булгап, үй жаныбарларын кырып жатканын айтты.