Түшүнө алтын кен кирип… Бразилияда үйүндө 40 метр чуңкур казган пенсионер каза болду

Бразилиянын Минас-Жерайс штатында Жоао Пимента аттуу 71 жаштагы пенсионер өз үйүндө бир жыл бою казган 40 метр тереңдиктеги чуңкурга кулап түшүп, каза болду. Анын мындай кадамга баруусуна ашканасынын алдында алтын кен бар болгону тууралуу түш киргени себеп болгон.

Ал бул түшүнө ишенип, бир жыл бою коңшулары жана жалдаган усталардын жардамы менен диаметри 90 сантиметр болгон 40 метр терең чуңкур каздырган. Кырсык ошондой күндөрдүн биринде ал коңшусу менен чуңкурду суу жана ылайдан тазалап жатканда болгон. Пенсионер селкинчекке окшош лифт жасап, ошол менен жогору көздөй чыгып келе жатканда кулап кеткен. Жардамга чакырылган куткаруучулар дээрлик 13 кабаттуу үйдөй болгон чуңкурду көрүп таң калышкан. Сөөктү алып чыгуу үчүн алар чуңкурга бет кап жана башка коргонуучу каражаттарды кийип түшүшкөн.

Коңшуларынын биринин айтымында, пенсионер чуңкурду казуу үчүн жумушчуларга акы төлөөгө деп болгон мүлкүн саткан. Кырсыктан бир канча күн мурда ал казууга тоскоол кылган ташты талкалоо үчүн динамит да издеген. Жакындары колунан келгенче аны оюнан кайтарууга аракет кылышкан, бирок ал оюнан кайтпай, казууну токтоткон эмес.