«Түтүнү асманга көтөрүлүп жатат». Орусияда капчыгайда өрт чыкты (видео)

Карачай-Черкесияда Домбай курортунун жанында жайгашкан Гоначхир капчыгайында өрт чыкты. 

Учурда өрт беш миң чарчы метрди жалмады. Асманга көтөрүлгөн түтүндү Абхазиядан көрүп, видеого тартып, жарыялап жатышат. Орусиянын ӨКМинен жеринде 12 атайын техника, 60тан ашуун өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын билдиришти. Ал эми Гоначхир капчыгайындагы адамдарды өрттүн түтүнү жетпеген аймактарга эвакуациялап жатышат.