25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку — Грозный каттамы боюнча учкан учак кулап түшкөн. Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына ылайык, учак кырсыгынан борт ичиндеги 67 адамдын 38и каза тапты.
Ооруканага ар түрдүү жаракаттары менен 29 жаран жеткирилген. Анын ичинен үчөөсү жаш балдар. Учактын ичинде Казакстандын 6, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, кыргызстандыктар аман калганын, экөөнүн абалы жакшы экенин, ал эми бир жаран дем алдыруучу аппаратка жаткырылганын билдирди.
Ал эми Казак ЖМКлары жазган маалыматка караганда, аман калгандардын арасында казакстандыктар жок. Кечээ, 26-декабрда Казакстандын вице-премьери маалымат берип, каза болгондордун жакындарына тиешелүү жардам берилерин билдирди.
«Каза болгон 6 казакстандыктын төртөө Мангистау облусунун, бирөө Костанай облусунун жана бирөө Астананын тургуну», — деген вице-премьер.
Каза болгон казакстандыктар тууралуу ачык булактардан маалымат топтодук.
Кырсыктан каза болгондордун арасында астаналык Гаухар Шаймерденова жана анын 11 жаштагы уулу Эльдар да бар.
«Ал мага кичүү уулу менен Грозныйга уулунун досунун үй-бүлөсүнүн чакыруусу менен учуп жатканын айткан. Аларды жаңы жылдык майрамга чакырышкан. Балдар көрүшсүн деп билетин да алып беришкен. Ошондуктан коштоп жүргөн адам катары баласы менен Бакуга учуп кеткен», — деди кесиптеши Айгерим Айкешева.
Анын айтымында, 25-декабрдын таңында Гаухар менен Эльдар Астанадан Бакуга учуп, ал жерден Грозныйга рейске отурушу керек болчу. «Тилекке каршы жетпей калышты. Жакындары алардын дал ушул рейсте экенин айтышты. Бирок аман калгандардын арасынан аты-жөнүн тапкан жокпуз»,— деди ал.
Гаухар эки уулду тарбиялап жаткан. «Анын улуу уулу Австралияда музыка боюнча билим алып, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүү үчүн атайын Казакстанга учуп кеткен. Бирок аларды трагедия ажыратты. Ал апасы менен да, иниси менен да жолугууга үлгүрбөй калды»,- деди ал.
Каза болгондордун арасында 29 жаштагы Салима Жутаева дагы бар. Маалыматтарга караганда, Костанайда ортодонт болуп иштеген, стоматологиялык кабинетте кабыл алууларды жүргүзгөн. Анын өлүмү тууралуу кабар кесиптештерин жана бейтаптарды таң калтырды.
Бейтаптардын айтымында, Салима мыкты тиш доктур болчу. «Анын бейтаптары өтө көп эле. Себеби ал Костанайда болгону 10 күн иштеп, Грозныйга учуп кеткендиктен, ага көрүнүү үчүн ар дайым узун кезек күтчү. Салиманын көптөгөн пландары бар болчу, ал курбусу менен майрамды көңүлдүү өткөрүүнү пландап жаткан. Анын бардык кыялдары орундалбай калганы өкүнүчтүү», — дейт Салима Жутаеванын бейтабы Алена Ахметова.
«МунайФилдСервис» ЖЧКсынын башкы директору Нурлан Белшер Актауга жакын жердеги Эмбраер ERJ-190 учагынын кыйроосунан каза болгон кесиптеши, механикалык-энергетикалык бөлүмүнүн инженери Сандибек Тулесинов тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, маркум 36 жашта болгон. Ал аталган ишканада 16 жылдан бери иштечү. «Жубайы экөөнүн 4 баласы бар. 3 эркек, 1 кыз. 3 баласы мектепте окуйт, улуусу мектепти аяктаган. Алар апасы менен жашашчу. Үйдүн эң кичүүсү эле. Өзү 6 бир тууган болчу»,- деди жетекчи.
Дагы бир каза болгон жаран Жумагулов Бауыржан Жумабаевич 1985-жылы туулган. 2008-жылы «ӨзенМунайСервис» ЖЧКсына жумушка кабыл алынып, скважиналарды капиталдык оңдоо бригадасында жардамчы болуп иштеген.
Ал эми каза болгон алтынчы жаран Галина Махсудова. Ал 46 жашта болгон. Жеке ишкерлик менен алектенген жана өзүнүн кийим саткан дүкөнү болгон.