UFC жетекчисинин жубайы менен болгон мушташы. Окуянын чоо-жайы

UFC президенти Дана Уайт түнкү клубда жубайы Энн менен мушташа кеткенин дүйнөлүк басылмалар жазышты. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду.

Mirror басылмасынын маалыматына караганда, түгөйлөр жаңы жылдык майрамды Мексикадагы мекемелердин биринде тосушкан. Окуяга күбө болгондор Уайт менен аялы мас абалында катуу уруша кетишкенин, анан күтүүсүздөн катуу чабышып кеткенин айтышууда. Окуянын катышуучулары мушташ боюнча комментарий беришти.

«Дана экөөбүздүн баш кошконубузга 30 жылдай болду. Тилекке каршы, Жаңы жыл түнү экөөбүз тең ашыкча ичип, эки тарап тең өзүн башкара албай калыптырбыз. Аны бүт үй-бүлө менен талкуулап, бири-бирибизден кечирим сурадык. Адамдар балдарыбыздын кызыкчылыгы үчүн биздин жеке жашообузду сыйлайт деп ишенем», — деди жубайы.

Ал эми уюмдун президенти бир нече жолу аялдарга карата зомбулукка каршы чыгып, азыр өзү да агрессиясы үчүн кечирим сурады. «Биз бири-бирибизди 12 жашыбыздан бери билебиз. Бул бардык убактагы эң жаман жагдайлардын бири. Мен уялып жатам. Мындай нерсе мурда болгон эмес, биринчи жолу болуп жатат. Үч балабыз бар. Биз аларга видеону көрсөттүк. Азыр биз үй-бүлөбүзгө гана көңүл буруп жатабыз», — деди жетекчи.