Угандада жүздөгөн адамдарга жасалма вакцина сайылган

Африкадагы Угандада эң аз 800 кишиге жасалма вакцина сайылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Коронавируска каршы жасалма эмдөө 15-майдан 18-июнга чейин борбор калаа Кампаланын ооруканаларында жасалган. Бул маселе боюнча маалымат берген саламаттыкты сактоо кызматкери Уоррен Намара: «Май айынын ортосунан бери жасалма вакцина алган адамдардын саны кеминде 800 адамды түзөт. Бул дагы көптөгөн адамдарга берилген болушу мүмкүн», — деп билдирген.

Окуяга тиешеси бар 2 адам кармалып, эмдөөдөн өткөргөн дарыгерлер изделгени маалым болду.