«Уйкусуратып, башты айлантат». Францияда 300дөн ашык адамга белгисиз ийне сайылган

Францияда 300дөн ашуун тургун коомдук жайлардан денесине сайылган ийненин изи түшүп, абалдары начарлаганын айтып ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Май ичинде Франциянда түнкү клуб, концерттерге барган адамдар колдоруна сайылган ийненин изи түшүп калганын айтып арызданышкан. 18 жаштагы Томас Лаукс рэп-концертке барып, бир аз марихуана чегип, спирттик ичимдик ичкен. Эртеси үйүндө башы ооруп, тегеренип баштаган. Кийинчерээк колунда ийненин изи түшүп, көгөрүп калганын байкаган. Ооруканага кайрылганда медицина кызматкерлери ийне сайылганын тастыктап, ВИЧ, гепатитка анализ алышкан. Бактыга жараша, эки анализи тең таза чыккан.

Окшош абалга Бордо шаарынын 18 жаштагы тургуну Лианн Деснос да кабылган. Ал түнкү клубда жүргөндө дене табы көтөрүлүп, алсырап калган. Эртеси колуна түшкөн ийненин изин көргөн. Полициянын берген маалыматына ылайык, Франциянын ар кайсы шаарынан биригип, 302 киши ушундай маселе менен кайрылган. Бир нече аймактарда иликтөө иштери жүргүзүлгөнү менен кылмышка шектүүлөр аныкталган эмес.

«Окуя боюнча далил болчу баңгизат же башка бир да буюм табыла элек. Баарынан да биз элдин ВИЧ, гепатит же башка жугуштуу ооруну жуктуруп алуусунан коркобуз», — деп билдирген Нанси шаарынын Уулануунун алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Эммануэль Пускарчик.