Уитни Хьюстондун ырын ырдап, ТикТокту жарган 10 жаштагы казак кызы эсиңердеби? Сулухан тууралуу маалымат

Ырчы Мархаба Сабинин концерттеринин биринде астаналык кызга ырдоо мүмкүнчүлүгү берилген видеону соцтармактан көргөн болсоңуз керек. Уитни Хьюстондун ырын ырдаган Сулухандын видеосу азыркыга чейин тарап, дагы эле миллиондогон көрүүлөргө ээ болууда. Апасы Гүлнара Ахметова күтүүсүз популярдуулуктан кийинки кызынын жашоосу тууралуу Tengri Life басылмасына айтып берген. 

Апрель айында таланттуу, бирок ал кезде эч кимге таанымал болбогон Сулухан Жарылкасын керектүү учурда, керектүү жерге барган. Апасы менен концерттин жанынан өтүп бара жаткан кыз музыка угуу үчүн сахнага жакындап барган. Ага микрофон сунуп, ырдаткан соң видеосу тарап, атактуулукка ээ болгон. Апасынын айтымында, ошол окуядан кийин аны концерттерге, маектерге чакыра башташып, көчөдө тааный башташкан. 

Үй-бүлөдө 10 жаштагы Сулухан жалгыз бала эмес. Анын 12 жаштагы Ханшайым аттуу эжеси жана үч жаштагы иниси бар. Жаш ырчынын апасынын айтымында, бир нече жыл мурун ал кызынын талантын өркүндөтүүгө жардам берген сонун мугалим тапкан. Сулухан Димаш менен Уитни Хьюстондун ырларын ырдаганды жакшы көрөт.

Жакында эле Сулухан өзүнүн башкы кумири Димаш Кудайберген менен КазМУнун 25 жылдык мааракесинде Астанада жолуккан. «Кызым сүйүнүп, үйгө келгенде ыйлап да жиберди. Эми анын кыялы Димаш менен чоң сахнада ырдоо», — дейт Гүлнара.

@gulnara_ahmetova1986 #врекомендации2023 #талант #astana #рек #муз #аншилер #хочув #music #музыка #астана ♬ оригинальный звук — Сулухан Жарылкасын