Украина 198 киши каза болгонун, анын ичинен үчөө бала экенин билдиришти

Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 198 киши каза болгонун, анын ичинен үчөө бала экенин билдиришти. Жаракат алгандардын саны 1115 адамга жетип, анын 33үн балдар түзөт. Министрликтен жоготуулар жай тургундардын арасынан катталганын же аскерлердин арасынан катталганын тактаган жок.

Орусиянын Коргоо министрлигинен Украинадагы аскердик аракеттерден улам жоготуулар болуп же болбогону тууралуу расмий маалымат бере элек.